Салык декларациясын 74 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды

13.03.2023, 09:28 Акчабар
Салык декларациясын 74 миңден ашык салык төлөөчү тапшырды

Ушул жылдын 10-мартына карата 74 миң 110 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Анын 54 миң 76сы электрондук түрдө берилген. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14 миң 692 юридикалык жак, 27 миң 669 жеке ишкер, 19 миң 663 жеке жак, ошондой эле 12 миң 86 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы тапшырган. 

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Ал эми 1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

  • жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;
  • менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;
  • юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;
  • илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;
  • мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;
  • эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;
  • жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу