Салык декларациясын онлайн тапшыруу сунушталды

04.12.2023, 16:26 Акчабар
Салык декларациясын онлайн тапшыруу сунушталды

2024-жылдын 1-январынан тарта салык отчетун электрондук документ түрүндө милдеттүү түрдө берүү талабын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду. 

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүүлөр салык процесстерин башкарууну жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны минималдаштыруу үчүн зарыл. Экономика министрлиги өлкөдө интернет байланышы жана  байланыш каражаттарынын (уюлдук телефондор жана компьютердик техника) болушу салык отчетторун электрондук форматта берүүгө мүмкүндүк берет деп эсептейт.

Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык, жеке ишкерлерди кошпогондо, жеке жактар ​​үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу милдети отчеттук жылда бир жолу (1-январдан 30-апрелге чейин) каралат. 

 

Тэги: салык декларациясы патент салык төлөөчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу