Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу: сандар жана фактылар

08.04.2021, 17:30 Акчабар
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу: сандар жана фактылар

2020-жылдын 1-июлунан тартып «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылгандыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров маалымдады.

 

Анын айтуусу боюнча, электрондук эсеп-фактуралар, автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздары сыяктуу компоненттер ишке киргизилди.

Фискалдаштыруунун компонеттерин киргизүү салык кызматынын сервистик кызмат көрсөтүүлөрүн оптималдаштырууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын сапаттуу коргоого, дүйнөлүк тенденцияларга ылайык заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү камсыз кылат.

Алсак, 1-июлдан тарта салык төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшкөн.

Электрондук эсеп-фактуралар системасын ишке киргенден бери 13 миң 435 ишкер колдонууда, алар тарабынан жалпы жүгүртүү суммасы 693 млрд 279 млн сомго 5 млн 39 миң электрондук эсеп-фактура жазылып берилди.

Ошондой эле 1-июлдан тартып май куюучу станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей башташты.

2021-жылдын 7-апрелине карата 1068 май куюучу жайдын ичинен 975и автоматташтырылган башкаруу системасын орнотту.

2020-жылдын 1-июлунан тартып мунайды жана мунайзаттарын алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу иштерин жүргүзгөн субъектилер жүктөп жөнөтүү учурунда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздей башташты. Бул электрондук документте мунай жана мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттар жана башкалар жөнүндө маалыматтар камтылат.

2020-жылдын 1-июлунан тартып мунайтрейдерлер 108 миң 955 электрондук-товардык-транспорттук коштомо кагазын тариздешкен.

Азыркы учурда Салык кызматы салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында виртуалдык (программалык) контролдук-кассалык машиналар, товарларды маркалоо сыяктуу башка компоненттерди ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

2021-жылдын 1-июлунан тартып бизнеске жеткиликтүү жана азыркы колдонуудагы ККМ менен салыштырганда алда канча арзан программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү каралууда. Онлайн режиминде чекене товар жүгүртүүнү мониторингдөө үчүн ККМди колдонуу боюнча жаңы стандарттар жана талаптар кабыл алынды.

Программалык ККМ чекене сатууларды эсепке алууда, ККМдин жаңы үлгүлөрүн колдонуу боюнча техникалык жана административдик талаптарды жөнөкөйлөтүүдө, ККМ рыногунда монополияны четтетүүдө, коопсуздукту күчөтүү жана өткөрүлүп жаткан фискалдык маалыматтын сапатын жогорулатууда жаңы стандарттарды жана технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар артыкчылыктарга ээ.

2021-жылдын 1-июлунан тартып милдеттүү түрдө тамеки жана алкоголдук продукцияларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо башталат.

Тэги: эсеп-фактура электрондук

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу