Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Абдалиев Кабыл Кушбакович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.