Салык кызматы 1,5 млн сомдук мыйзам бузуу фактысын аныктады

08.02.2024, 15:12 Акчабар
Салык кызматы 1,5 млн сомдук мыйзам бузуу фактысын аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 32 тонна салмактагы күн карама майын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек - автожолу" өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан жалпы наркы 1,5 млн сомдон ашкан 32 тонна күн карама майын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып кирүү аракет кылынган. 

“Документтерди текшерүү учурунда 1,2 млн сом суммасындагы 9900 кг салмакта айырмачылыктар аныкталган”, - деп айтылат маалыматта. 

Жогоруда көрсөтүлгөн жүк менен автоунаа мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди. 

 

Тэги: мыйзамсыз салык кызматы аткезчилик жүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу