Салык кызматы 16 млн сомго жарнама кампаниясын жүргүзөт

07.06.2023, 09:50 Акчабар
Салык кызматы 16 млн сомго жарнама кампаниясын жүргүзөт

Мамлекеттик салык кызматы жарнама кампаниясын жүргүзүү жана уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, пландалган сумма 16 млн. сом, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 9-июнь. 

Мекеминин талаптары боюнча төмөнкүдөй иштер аткарылат: 

  • Калктын бизнес боюнча салыктык жол-жоболор жана башкарууну реформалоо, SMART Салым долбоорун ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик салык кызматы тарабынан көрүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу,
  • Жүргүзүлүп жаткан реформалардын оң жактарын билдирүү;
  • Лотереянын эрежелери боюнча “Чек талап кыл – байге утуп ал!” промо-лотереясына маалыматтык колдоо көрсөтүү;
  • ТВда жана социалдык тармактарда лотереяны уюштуруу жана колдоо;
  • Өтүлүп жаткан стимулдаштыруучу лотерея боюнча жарандарды жарнамага тартуу аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Лотерея оюнунун жыйынтыктарын чагылдыруу;
  • Жеңүүчүлөргө сертификаттарды берүүнү уюштуруу;
  • Контролдук-кассалык машиналарды колдонуунун оң жактарын түшүндүрүү;
  • Тегерек столдор, семинарлар, конференциялар жана башка иш-чаралар сыяктуу инструменттерди колдонуу менен аларды тартуу аркылуу коомдун жана калктын айрым топторунун маалымдуулугун жогорулатуу;
  • Бейтарап жана/же оң маанайдагы коомдук пикирди жаратуу. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу