Салык кызматы эки айда 5,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

03.03.2021, 11:30 Акчабар
Салык кызматы эки айда 5,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-февраль айларында 5 млрд 600,1 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Белгиленген план 102,8 %га аткарылды же 150,1 млн сомго көп жыйналды, - деп билдирет салык кызматы.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343,9 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 %ды түздү.

Ошол эле учурда, ушул жылдын февраль айында 3 млрд 80,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. План 30,3 млн сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210,8 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 %ды түздү.

Тэги: салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу