Салык кызматы 20 миңден ашуун алкоголдук ичимдикти тартып алды

24.02.2021, 15:00 Акчабар
Салык кызматы 20 миңден ашуун алкоголдук ичимдикти тартып алды

Мамлекеттик салык кызматы 20 миңден ашуун алкоголдук ичимдикти тартып алды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

 

Маалыматка ылайык,  салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарындагы жана Ош облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын жана тийиштүү лицензиясыз жана уруксат берүүчү документтерсиз сатылып жаткандыгын аныкташты.

Бардыгы болуп мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 20 миң 819 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкердик субъекттерге карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Тэги: салык кызматы лицензия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу