Салык кызматы 20 млн сомдук мыйзамсыз товарды колго түшүрдү

11.01.2023, 10:07 Акчабар
Салык кызматы 20 млн сомдук мыйзамсыз товарды колго түшүрдү

Кечээ, 10-январда Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген жалпы суммасы 20 млн сомдон ашык товарларды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады. Алар дары-дармектер, балдар тамак-ашы, кездемелер, памперстер, кондитердик азыктар жана башка товарларды камтыйт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунун жанындагы жүктөрдү каттоочу жайдан тиричилик буюмдары деп айтылган жүк ташыган автоунаалар кармалган (тиричилик буюмдарына импорттук документтер берилбейт).
 
Тактап айтканда, кармалган товарлар; 6552 таңгакталган дары-дармек, 4009 банка балдар тамак-ашы, 48384 даана “Alpen Gold” шоколады, 57888 даана “Snickers” шоколады, 1800 даана электрондук тамеки, 102 түрүлгөн кездеме, 680  куту арыктоого арналган чай, 450 балдарга арналган “Huggies” памперси унаалардан табылган. 
 
Товарлары бар унааларга мөөр басылып, айып унаа токтотуучу жайга киргизилди. Мыйзам бузуулар боюнча материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу