Салык кызматы эми Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат

24.02.2020, 10:50 Акчабар
Салык кызматы эми Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл алат

Салык органдары салык төлөөчүлөргө ар тараптан жана толук жардам көрсөтүү максатында бүгүнкү күндөн тартып Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча атайын режимге өтүштү.

1-мартка чейин белгиленген графикке ылайык, аймактык салык органдарынын кызматкерлери алдыдагы жана дем алыш күндөрү да декларацияны түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган салык төлөөчүлөр аны 18.00дөн кийин түнкү саат 24.00гө чейин , ал эми дем алыш күндөрү – саат 09.00дөн 24.00гө чейин тапшыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.

Эске салсак, 1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекемени түзүү менен ишин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар берүүгө тийиш.

Ал эми 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 1240 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: Бирдиктүү салык декларациясы салык кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу