МСК: салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты электрондук түрдө алууга болот

02.04.2020, 16:30 Акчабар
МСК: салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты электрондук түрдө алууга болот

КР Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөр менен дистанттык түрдө өз ара аракеттешүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо үчүн салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты электрондук түрдө бере баштады. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Кыргыз Республикасына товарларды ташып кирүүгө ниеттенген импортчу МСКнын сайтындагы жеке кабинети аркылуу тиешелүү арызын бере алат.

Салык органынын кызматкери белгиленген мөөнөттө электрондук арызды карып чыгып, салык кызматынын маалыматтык системанда маалымкатты тариздейт жана берүү/баш тартуу жөнүндө (баш тартуу учурунда анын себептерин көрсөтүү менен) белги коюп, сканерден өткөрүлгөн маалымкатты импортчунун электрондук почтасына жиберет.

Зарыл болгон учурда, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө маалымкат кагаз түрүндө да берилет.

Товарларды алып келүүдө салык органынын кызматкери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан маалымкаттын түп нускасын онлайн режиминде салык кызматынын маалыматтык системасынан маалымкаттын номери жана берилген күнү боюнча аныктай алат.

Эскерте кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды импорттоо үчүн салыктык каттоо жөнүндө маалымкат Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгында КНС төлөөчү катарында катталган субъекттер үчүн алган күндөн тартып 180 календардык күнгө, ал эми калган субъекттер үчүн 60 календарлык күнгө чейин жарактуу.

Ошону менен бирге, мурда берилген маалымкаттардын негизинде импорт боюнча кыйыр салыктар төлөнбөгөн жана тиешелүү салык отчету берилбеген учурда жаңы маалымкат берилбейт.

 

Тэги: салык кызматы ЕАЭБ товарлар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу