Салык кызматынын маалымат борборуна 76 миң ден ашык кайрылуу келип түшкөн

30.12.2019, 13:14 Акчабар
Салык кызматынын маалымат борборуна 76 миң ден ашык кайрылуу келип түшкөн

Акыркы 11 айда Салык кызматынын маалымат борборуна актуалдуу салык маселелери боюнча кеңеш алуу үчүн 76 миң 200 жарандан кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кайрылуулардын саны 20 миң 460 чалууга өскөн.

«Биринчи жарым жылдыкта чалгандардын 70 пайыздан ашууну бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү тартиби боюнча болгон. Июль жана август айларында жарандар жер салыгынын, унаа жана кыймылсыз мүлк салыктарынын ставкаларын эсептөө, ошондой эле бюджетке салык төлөө жол-жоболору жана ыкмалары менен (кайсы мекемелер, терминалдар, мобилдик капчык ж. б. аркылуу) байланышкан суроолорду беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 1240 номери аркылуу сурап-билүү кызматынын негизги максаты — салык төлөөчүлөргө салык мыйзамдарынын ченемдерин түшүндүрүү жана колдонууда көмөктөшүү, салык кызматынын ишиндеги ар кандай маалыматтарды ыкчам берүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү, ошондой эле, салык маселелери тууралуу жарандардын салыктык сабаттуулугун жана маалымдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.

 

Тэги: салык кызматы маалымат борбору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу