Салык кызматы кызыктыруучу лотерея боюнча утуш белектерин сатып алуу боюнча “Чекти талап кыл – байге утуп ал!” конкурсуна тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Аталган мекеме буга 151 млн. сом сарптоого даяр. Тагыраагы, 37,1 млн. сомго 20 электромобил, 80 млн. сомго 1 миң премиум смартфон, 18,5 млн. сомго ушул эле сандагы бюджеттик телефондор, 1,4 млн. сомго 6 ваучер, 2 млн. сомго 40 стиллер жана 12 млн. сомго 300 ноутбук алуу пландалууда.
Эске салсак, Салык кызматы контролдук-кассалык машина боюнча маалыматтык кампанияга 16 млн. сом жумшайт. Лотереянын биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өтүп, анда 10 электромобил жана миңден ашык баалуу байгелер ойнотулат.