Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен чарбалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн патенттин формалары жана камсыздандыруу полиси бириктирилген. Эми "электрондук патент" электрондук кызматында бир документте патентти жана камсыздандыруу полисин сатып алууга болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Бул жаңылык жарандардын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна жана башкаруунун заманбап методдорун киргизүүгө жагымдуу шарттарды түзөт. Белгилей кетсек, буга чейин ишкерлер биринчи кезекте патент алууга жана өзүнчө камсыздандыруу полисин алууга аргасыз болушкан », - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эки документтин бириктирилген формасы электрондук форматта "электрондук патент" аркылуу берилет, ал эми төлөө ар кандай электрондук капчыктарды, терминалдарды же онлайн-банкингди колдонуп, накталай эмес ыкма менен жүргүзүлөт.
Бириктирилген форма атайын QR кодду сканерлөө менен тастыкталат.