2020-жылы салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд сом салык жыйнаган

09.02.2021, 17:25 Акчабар
2020-жылы салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд сом салык жыйнаган

Салык кызматы 2020-жылдагы жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары жана 2021-жылы жасап жаткан иштери жөнүндө маалымат берди.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнаган. Белгиленген план 100,2 пайызга же 107,3 млн сомго ашык чогултулган. 2019-жылга салыштырмалуу 324,7 млн сомго көп чогултулган.

«2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар да өзүнүн жыйынтыктарын берди. Мындан тышкары, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуу алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү», - деп жазылат маалыматта. 

Тэги: салык кызматы республикалык бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу