Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбайт жана сатпайт

07.02.2020, 15:30 Акчабар
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын ачыкка чыгарбайт жана сатпайт

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин 2020-жылдын 6-февралында парламенттик отурумда«МКК, Соцфонддо, Салык кызматында жана мобилдик операторлор компаниясында сакталган жашыруун маалыматтарды оңой эле алса болот» деген билдирүүсү боюнча  Салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын эч убакта ачыкка чыгарбагандыгын жана сатпагандыгын билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

Депутаттын аталган билдирүүсү укуктук негизге ээ эмес. Мамлекеттик аткаруучу орган катары Салык кызматы салык мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барат.

Салык кодексинин 54-беренесине ылайык салык органдары же анын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык сырды түзөөрүн эскерте кетели.

Салык төлөөчүнүн реквизиттери (салык төлөөчүнүн аталышы же фамилиясы, аты жана атасынын аты, дареги), салык төлөөчүнүн ИСНи; КНС төлөөчү катары салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө; салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы; салык төлөөчү тарабынан салык мыйзамдарын бузуулар жана соттун чечими менен күчүнө кирген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган бузуулар үчүн  жоопкерчилик чаралары; юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салык төлөмдөрү жашыруун болуп саналбайт.

Салыктык сырга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик каралгандыгын белгилеп кетүү керек.

Мамлекеттик салык кызматы “Түндүк” электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө 18 мамлекеттик органдар жана ведомстволор менен маалымат алмашууда, бул жарандардын суроо-талаптарына маалыматтарды берүүдө кайталоону болтурбоого мүмкүндүк берет.

«Түндүк» каталогунда Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан, жарандарга кызмат көрсөтүүдө башка мамлекеттик органдар пайдалана ала турган кеңири маалымат базасы жайгаштырылган. Бул маалыматтардын катарында идентификациялык салык номери, ишкерлик ишти жүргүзүү, салык төлөөчүлөрдүн киреше салыгы, салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын бар экендиги тууралуу, юридикалык жактар тарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына иш жүзүндө төлөнгөн салыктар, салык төлөөчүлөрдүн саны, берилген патенттердин саны, юридикалык жакты каттоо жөнүндө активдүү патенттердин бар экенин текшерүү сервиси боюнча маалыматтар бар.

Тэги: салык кызматы салык төлөөчү маалымат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу