Салык кызматы: Тогуз айда 148 млрд сом салык жыйналды

04.10.2022, 16:05 Акчабар
Салык кызматы: Тогуз айда 148 млрд сом салык жыйналды

Салык кызматы 9 айда 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Быйыл январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматына 148 млрд 125 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү түшкөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 44.3 млрд сомго көп.

"Анын ичинде 111 млрд 755.4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236.8 млн сомго ашыгы менен аткарылды", - деп айтылат маалыматта.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 млрд 369.6 млн сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443.4 млн сомго көп жыйналды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу