Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүлөрү керек

26.01.2022, 09:42 Акчабар
Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин КНС төлөөчү катары каттоодон өтүүлөрү керек

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн кайсы категориялары 28-январга чейин КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керектиги боюнча түшүндүрмө берди.

Жалпы салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн жана 31-декабрга карата КНС төлөөчү болуп эсептелбеген салык төлөөчү 28-январга чейин КНС төлөөчү катары катталуу же атайын салык режимине өтүү үчүн салык органына арыз берүүгө тийиш.

"Бул мөөнөт аяктагандан кийин арыз бербеген салык төлөөчү 1-январдан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат",- деп айтылат салык кызматынын маалыматында.

Жалпы салык режимине ылайык иш жүргүзүүчү жана салыктарды төлөөчү субъект салыктык каттоодон өткөн күнү КНС боюнча катталууга тийиш.

Экономикалык иш болуп ишкердик жана башка иштер эсептелет, мында субъекттин экономикалык иши, эгерде ал системалуу негизде жүзөгө ашырылса ишкердик деп таанылат.

Системалуу негиздеги ишмердик – бул эгерде календардык жылдын ичинде экиден ашык товар бирдиги сатылса, бирдей жана/же бир тектүү товарларды сатуу, ошондой эле кайтарымдуу негизде жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердик саналат.

Демек, коомдук фонддорго, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын долбоорлоруна, мекемелерине жана коммерциялык эмес уюмдар болуп саналган жана ишкердик ишин системалуу түрдө жүргүзбөгөн башка субъекттерге КНС төлөөчү катары каттоодон өтүү талабы коюлбайт. Мындай уюмдар жалпы салык режиминде каралган салык жеңилдиктеринен пайдаланат.

Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик бийликтин өзгөчө статусу бар органдары, Конституцияда аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана оюн-зоок, эс алуу же көңүл ачуу чөйрөсүндөгү ишмердигин кошпогондо, Депозиттерди коргоо агенттиги пайда салыгын, салык салынуучу берүүлөргө КНСти, сатуу салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

 

Тэги: Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчү КНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу