2020-жылы 388 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

25.01.2021, 13:00 Акчабар
2020-жылы 388 миңден ашык салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын 2020-жылы 388 миң 310 салык төлөөчү тапшырды. Бул тууралуу салык кызматынан билдиришти.

 

 

Маалыматка ылайык, анын ичинен салык декларациясын 48 миң 896 юридикалык жак тапшырган, бул 2019-жылга салыштырмалуу 2541 декларацияга көп.

Ошондой эле, декларацияны 158 миң 775 жеке ишкер, 88 миң 166 жеке жак, 44 миң 987 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак жана 47 миң 486 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырышты.

2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, юридикалык жактар 1-мартка чейин, жеке жактар 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Демек, 1-мартка чейин салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участокторунан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Тэги: салык салык декларациясы Бирдиктүү салык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу