Салыктын отчётторун тапшыруу мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

05.08.2020, 12:40 Акчабар
Салыктын отчётторун тапшыруу мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду берүү мөөнөтү 1-октябрга чейин узартылды. Мындай маалымат Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча отчётторду берүү мөөнөтү да узартылган.

Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, аймактык салык органдарында калктын жыйналуусуна жол бербөө жана COVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелчиликтерин азайтуу максатында кабыл алынган. Ошондой эле бизнес коомчулугунун кайрылуусу да эске алынганы белгиленет.

Ага ылайык, жеке ишкерлер жана уюмдар 2020-жылдын II кварталындагы отчётторун жана 2020-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейинки отчётторун жазуу жүзүндөгү арызы жок эле 1-октябрга чейин бере алат.

Тэги: салык отчеттору Мамлекеттик салык кызматы унаа салыгы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу