Ата мекендик ишканалардын салык боюнча 37,4 млрд сом карызы бар

29.03.2023, 17:20 Акчабар
Ата мекендик ишканалардын салык боюнча 37,4 млрд сом карызы бар

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 1-мартына карата салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча ири карызы бар төлөөчүлөрдүн тизмесин жарыялады.

Алсак, жалпы салык карызы 37 миллиард 451 миллион 766,2 миң сомду түздү. Эң көп - 3,3 миллиард сом "Лаллана Трейд" ЖЧКсынын карызы бар.

Ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча көрсөткүчтөр 1 миллиард 811 миллион 720,8 миң сомго жеткен.

Эске салсак, буга чейин Акылбек Жапаров буйрукка кол койгон. Ага ылайык камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 212 миллион сом жана 122 миллион сом карызы бар штамптоочу жана машина куруучу заводдордун мүлкү "Кыргызиндустрияга" өткөрүлөт.

Тэги: новости Кыргызстана задолженность по налогам компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу