Кыргызстанда бир тонна сүттүн баасы 275 долларды түзөт – бул ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен эң төмөнкү баа. Россияда бир тонна сүттүн баасы — 334 долларды түзөт, бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Комиссиянын маалыматына ылайык, Белорусияда бир тонна сүттүн баасы 279 долларды, Казакстанда —296 долларды, Арменияда — 299 долларды түзөт.
Арменияда айыл чарба продукциясына болгон баа эң жогору. Бир тонна ири мүйүздүү малдын эти 5.1 миң доллар турса, Кыргызстанда 2.2 миң долларга чейин барат.