«Санарип көчмөн» долбоору туруктуу иштеши мүмкүн

25.10.2023, 15:50 Акчабар
«Санарип көчмөн» долбоору туруктуу иштеши мүмкүн

“Санарип көчмөн” долбоору туруктуу иштеши мүмкүн. Экономика жана соода министрлиги тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Ведомство өткөн жылы башталган пилоттук программа бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатканын белгилейт. Алсак, жыл ичинде дээрлик 4 миң арыз түшүп, 1 миң 600гө жакын адам аталган макамга ээ болгон.

Эске салсак, “Санарип көчмөн” графикалык дизайн, IT жана башка тармактарда иштеген адистерге жеткиликтүү. Аны алуу үчүн Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Россиянын жарандары кайрылып, Кыргызстанда иштөөгө бир катар жеңилдиктерге ээ боло алышат.

Тэги: санарип көчмөн мыйзам талкуу долбоор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу