Сауд Араб өлкөсү $50 млн Кыргызстанда суу менен камсыздоого берет

01.04.2019, 17:47 Акчабар
Сауд Араб өлкөсү $50 млн Кыргызстанда суу менен камсыздоого берет

Баткен менен Талас областарын таза суу  менен камсыздоого Сауд Аравия  өлкөсү  менен Ислам өнүктүрүү банкы $50 млн бөлүп, кыргыз өкмөтү аркылуу камсыздоо болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

 Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети КР өкмөтү менен Сауд өнүктүрүү фондунун «Суу түтүктөрүн өнүктүрүү жана айыл жергесинде санитардык абалды жакшыртуу»  боюнча келишимин жактырды. 

«Долбоордун максаты Баткен менен Талас областарындагы  айыл аймактарында таза суу менен элди камсыз кылуу. Келишимдин негизинде $60 млн бөлүнүп, анын ичинде $30 млн Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан берилсе, $20 млн — Ислам өнүктүрүү  банкынан каржыланат. Дагы  $10 млн Кыргызстандын өкмөтү берет» — деп билдирди ичүүчү суу менен камсыздоо  департаментинин директору   Аскарбек Токтошев.

Насыяга берилген каражаттар 25-жылга берилип, анын алгачкы беш жылы жеңилдетилген 1% берилет.

«Долбоор суу менен  камсыздоо үчүн Баткен менен Талас областарында 70 айылды  камтыйт. Анда 146 миң адам таза суу менен камсыз болот. Долбоорду ишке ашыруу 4.5 жылга каралган» — деп билдирди департаменттин башчысы.

Тэги: Исламский банк развития Саудовский фонд развития водоснабжение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу