Кыргызстан менен Сауд Аравия түз авиакаттамдарды ачууну караштырууда

10.05.2022, 08:37 Акчабар
Кыргызстан менен Сауд Аравия түз авиакаттамдарды ачууну караштырууда

Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы элчиси Улукбек Марипов 8-майда видеоконференция форматында Сауд Аравия парламентинин межлисинин онунчу комитетинин төрагасы, Сауд Аравия-кыргыз парламенттик достугунун башчысы Али бин Мухаммад бин Яхья Аль-Асири, ошондой эле бул комитеттин мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылы эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толорун канааттануу менен белгилешти. Анда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы, ошондой эле кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу багыттары жана парламенттер аралык байланыштар талкууланды.

"Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүү, өз ара жарманкелерди жана көргөзмөлөрдү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту”, - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Өз кезегинде Али бин Мухаммад Аль-Асири Сауд Аравия Королдугунун жетекчилиги жана парламенти Кыргызстан менен достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Май айынын аягында Сауд Аравиянын парламенттик делегациясынын башында турган Сауд Аравия-Кыргызстан парламенттик достук тобунун жетекчиси Али бин Мухаммад Аль-Асири Кыргызстанга келүүнү пландап жатканы маалым болду.

 

Тэги: Саудовская Аравия Кыргызстан переговоры Авиасообщение

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу