Сауд Аравиясы Кыргызстанга 500 миң долларга гуманитардык жардам берди

14.07.2021, 09:07 Акчабар
Сауд Аравиясы Кыргызстанга 500 миң долларга гуманитардык жардам берди

Сауд Аравия Королдугу Кыргызстанга медициналык багыттагы буюмдар жана жеке коргонуу каражаттары түрүндө 500 миң долларга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Гуманитардык жардамды өткөрүп берүү аземи ушул жылдын 13-июлунда болду. Иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим Аль-Радинин катышуусунда өттү. 

Гуманитардык жардам COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган профилактикалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө багытталган.

Тэги: Саудовская Аравия гумпомощь COVID-19 Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу