Бюджетке бажы төлөмдөрүн чогултуу 1,6 эсеге өстү

18.07.2022, 09:29 Акчабар
Бюджетке бажы төлөмдөрүн чогултуу 1,6 эсеге өстү

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматы бюджетке 31,7 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн чогултту. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 11,7 млрд сомго көбөйүп, өсүү темпи 158,2%ды түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Ошону менен бирге, ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмдөрү 23,9 миллиард сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5 миллиард сомго же 2,5 эсеге көп.

“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматынын аткаруучулук тартиптин көрсөткүчтөрү, келип түшкөн документтердин аткарылышы 100% түздү. Коллегиянын жыйынтыгы менен мекеменин ишин канааттандырарлык деп табуу чечими кабыл алынды", - деп белгилешти ведомстводон.

Ошону менен бирге алты айдын ичинде бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 1 миң 497 фактысы аныкталды.

Тэги: гостаможня сбор налогов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу