Кыргызстанда «Учкун» ААК комунун 2015-2017-жылдагы ишмердигине текшерүү жасалды. Текшерүүнун жыйынтыгында 217.1 миң сомго финансалык мыйзам бузуулар катталганы аныкталды. Алардын ичинде 197.2 миң негизсиз чыгашага кетирилип, курулуш-монтаж иштери 19.9 миң сомго жогору бааланган.
«Максатсыз жумшалган каражаттар 187.4 миң сом болгон. Алтургай сынакка катышкан фирмага негизсиз каражат кайтарылып берилген. Аудиттин жүрүшүндө бул сумма кайра кайтарылды» –деп билдирет Эсептөө палатасы.
Мындан тышкары «Учкун» ишканасы «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамын бузуп, 2015-жылы 47 млн 709.1 миң сом, 2016-жылы 64 млн 183.9 миң, 2017-жылы 30 млн 463.8 миң сом чыгашалар жасалган.
«Инвентаризация учурунда ААК сатылбаган дайын продукциясы 802.3 миң сом бааланган. «Учкун»өз убагында төлөнбөгөн ижара акылары үчүн (карыздары үч айдан алты айга чейин карыз болгон) ижарачылар менен келишимди узарта бергендиги аныкталган. Аудиттин жыйынтыгында ишкананын жетекчилигине бул кемчиликтерди жоюу сунушталды» – деп билдирет Эсептөө палатасынан.