Эсеп палатасы «Кыргызнефтегаздын» дебитордук карызын аныктады

26.07.2021, 13:00 Акчабар
Эсеп палатасы «Кыргызнефтегаздын» дебитордук карызын аныктады

Эсеп палатасы "Кыргызнефтегаз" ААКтын каржылык ишине аудит жүргүздү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргызнефтегаз" ААКнын уставдык капиталы 2019-жылдын 31-декабрына карата 1 миллиард 40,5 миллион сомду түздү, мында мамлекеттин үлүшү 85,16%. Текшерүүдө компания газ өндүрүү көрсөткүчтөрүн планга салыштырмалуу 3 миллион 637 миң м3, 2018-жылга салыштырмалуу 2 миллион 969 миң м3 көрсөткүчтөргө жетише электиги белгиленди.

Мындан тышкары, операциялык эмес чыгымдардын жалпы суммасы 1 миллион 774 миң сомго ашыкча көрсөтүлгөн, натыйжада 177,4 миң сом өлчөмүндө пайда салыгы жана 1 миллион 359,6 миң сом өлчөмүндөгү акциялардын мамлекеттик пакети боюнча дивиденддер аз төлөнгөн. 6 миллион 681,7 миң сом суммасында чегерилген газдык жөлөкпулдун 17,25% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эч кандай чегерүүлөрү жүргүзүлгөн эмес, бул 1 миллион 152,6 миң сомду түзөт.

Эсептөө мөөнөтү аяктаган дебитордук карыз 2019-жылдын аягында 23,1 млн сомду түздү. Карыздарды өндүрүү боюнча доолор сотто каралууда.

 

Тэги: дебиторская задолженность ОАО «Кыргызнефтегаз»

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу