Эсеп палатасы ЖОЖдордогу каржылык мыйзам бузууларды аныктады

05.07.2021, 14:30 Акчабар
Эсеп палатасы ЖОЖдордогу каржылык мыйзам бузууларды аныктады

Эсеп палатасы 2018-2019-жылдарга жогорку окуу жайларына аудит жүргүздү. Анын негизинде акча каражатын сарптоодогу кемчиликтер аныкталды, деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2018-жылга Эмгек кодексинин 332-беренесин бузуу менен жарым-жартылай жумушка алынган кызматкерлерге 497,2 миң сом өлчөмүндө каражат төлөнгөндүгү аныкталды. 2019-жылы жүргүзүлгөн аудиттин натыйжасында 662,5 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Муну менен Бюджет кодексинин 131-беренесинин 2-пунктун бузулуп, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн киреше казына тутумунан тышкары пайдаланылган. 13 миллион 613,4 миң сом суммасындагы бюджеттик жоготуулар аныкталды. Ошондой эле, 1 миллион 207,3 миң сом суммасындагы каражат рационалдуу эмес пайдаланылган.

Академик Т.Садыков атындагы Улуттук көркөм академиясынын 2018-жылдагы аудитинин натыйжасында 161,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын ичинде: товардык-материалдык баалуулуктардын жоктугу, иш сапар чыгымдарынын негизсиз төлөмдөрү жана дебитордук карызды жашыруу болгон. 2019-жылдагы аудитте запастардын ашыкча чыгымдалышынын натыйжасында 296,1 миң сомдук бюджеттик жоготуулар аныкталды. Ошондой эле, 46,7 миң сом суммасындагы каражаттар рационалдуу эмес пайдаланылган.

Академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен жана жаратылыш ресурстары университетинде 2019-жылы жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында 600,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды, бул кошумча төлөмдөрдү белгилөө тартиби жөнүндөгү жобону бузгандыгы менен түшүндүрүлдү. Өкмөттүн токтому менен бекитилген оор жумуштар жана зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар жумуштар, кызматтык маяналарга кошумча төлөмдөр төлөндү. Бюджеттин жоготуулары 2 миллион 41,7 миң сомду түздү. Ошондой эле, 841 миң сом суммасындагы каражат рационалдуу эмес пайдаланылган.

Тэги: Счетная палата вузы учебные заведения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу