Эсептөө палатасы 11,2 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады

17.02.2022, 11:33 Акчабар
Эсептөө палатасы 11,2 млн сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) ишинде 11 млн 276,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады. Отчет Эсеп палатасынын жыйынында кабыл алынды.

Көп каржылык бузуулар ведомствого караштуу санаторийлердин жана эс алуу үйлөрүнүн ишин текшерүүдө аныкталган.

Алсак, “Золотая пески” эс алуу борборунда кызмат көрсөтүүдөн түшкөн жарым млн сомдон ашык каражат кириштөөгө киргизилгенген эмес (496,5 миң сом ордуна коюлган), эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 5 млн 776,6 миң сом, бюджетке которууга тийиш ижара акысы – 881,2 миң сом, таштандыларды чыгаруу үчүн милдеттүү төлөмдөрдүн түшпөй калышы – 266 миң сом.

“Ысык-Көл-Аврора” санаториясы” Мамлекеттик ишканасында да мыйзам бузуулар аныкталды. Бюджетке которууга тийиш ижара акысы – 3 млн. 921,2 миң сом, 2019-2020-жылдары таза кирешеден республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн которулбай калган суммасы – 3 млн. 855,0 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен 4 млн. 686,1 миң сом кайтарылган. Аудиттин материалдары Башкы прокуратурага берилди.

Мындан тышкары Эсептөө палатасы белгилегендей, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун финансылык отчеттуулугунда мамлекеттин бардык активдери ачык көрсөтүлгөн эмес.Акционердик коомдордун дивиденддери, мамлекеттик ишканалардын таза кирешелеринен чегерүүлөр жөнүндөмаалыматтар, акциялардын саны жана мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун акцияларынын наркы, ошондой эле мамлекеттин мүлк активдеринин адилеттүү наркы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

ММБФга конфискацияланган жана мамлекеттин кирешесине ыктыярдуу негизде берилген объекттерди берүү боюнча бардык эле маалымат келип түшпөйт.

 

Тэги: Счетная палата ФУГИ нарушения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу