Кыргызстанда акыркы 8 айда кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу боюнча 50 миңден ашык келишимдер түзүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 5.8% өстү дегенди билдирет. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитети маалымдайт.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда турак-жайга түзүлгөн келишимдердин саны башка облустарга салыштырмалуу эң көп болгон. Борбордо 14 миңден ашык сатуу жана сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 3.9% көп болгон. Чүй облусунда 13 миң келишим катталган.
Пайыздык көрсөткүч менен алып караганда Жалал-Абад облусу 15.4%, Ош шаары 13.9% жана Баткен облусу 10.8% түзгөн.
Андан сырткары, Чүй облусу жана Ош шаарында турак – жайды ижарага алуу боюнча келишим – 31.9% жана 51.4% өскөн. 2018 – жылга салыштырмалуу республика боюнча ижара тууралуу келишимдердин азайганы байкалат. Январдан августка чейинки келишимдер өткөн жылга салыштырмалуу 4.7% аз болгон.