Бүгүн, 2021-жылдын 10-майында улуттук валюта - кыргыз сомунун жүгүртүлгөнүнө 28 жыл толду.
Улуттук валютаны киргизүү чечими 1993-жылы 3-майда кабыл алынып, 10-майда сом өлкө боюнча расмий төлөм каражаты болуп калган.
Учурда, экономикада, өлкөнүн саясий түзүмүндө жана дүйнөдөгү кризиске карабастан, кыргыз сому постсоветтик мейкиндиктеги эң туруктуу валюталардын бири болуп саналат.
Бүгүнкү күндө улуттук валюта эл аралык көргөзмөлөрдө жана сынактарда жогорку баага ээ болуп келет.