1993-жылдын 10-майында Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасы – кыргыз сомун жүгүртүүгө чыгарган. Быйыл улуттук валютанын кабыл алынганына 31 жыл толду.
Эгемендүү мамлекет үчүн бул тарыхый окуя өзүнүн акча-кредит саясатын ишке ашыруунун башталышы болуп калган. Ошондой эле улуттук төлөм, банк тутумунун калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон.
Геосаясий жана экономикалык олку-солкулуктарга карабастан, кыргыз сому көп жылдар бою аймактагы эң туруктуу валюталардын бири бойдон калууда.
“Бүгүнкү күндө улуттук валюта – сом өзүнүн туруктуулугу, коргоочу касиеттери боюнча дагы, банкноттордун жасалгасы боюнча дагы башка валюталардын арасында көрсөтүлүүгө татыктуу, эл аралык көргөзмөлөр менен сынактарда жогорку баага ээ болууда”, - деп билдирди Улуттук банк.