Саламаттык сактоо министрлиги сервердик жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Тендердик табыштаманын баасы 42 млн 792,3 миң сомду түзөт. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган.
Бул суммага эки лот кирет - сервердик жабдыктар:
Биринчи лотто электрондук саламаттык сактоо жабдыктарына үч сервер, сервердик шкаф, үзгүлтүксүз электр энергиясы, коммутатор жана кондиционер системасы кирет.
Тендердин шарты боюнча техникалар ушул жылдын аягына чейин жеткирилиши керек.