Шайлоо: мөөнөтүнөн мурда добуш берчүлөрдүн тизмеси ушул аптада түзүлөт

29.08.2023, 10:15 Акчабар
Шайлоо: мөөнөтүнөн мурда добуш берчүлөрдүн тизмеси ушул аптада түзүлөт

Ленин округу боюнча кайра шайлоодо имараттан тышкары добуш бере тургандардын тизмеси 2-сентябрга чейин түзүлөт. БШКдан билдиришкендей, ага ар кандай себептерден улам шайлоо участогуна келе албаган же ооруканада жаткан жарандар кирет.

Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү шайлоого бир күн калганда, тагыраагы, 9-сентябрда болот.

Учурда аталган бир мандаттуу шайлоо округу боюнча үгүт иштери жүрүүдө.

Жогорку Кеңешке депутат болууга жалпысынан 34 талапкерден арыз түшкөн. Боршайком алардын 25ин каттаган.

Тэги: Шайлоо кайра шайлоо тизме БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу