Шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер болгондор 145 кишиге жетти

08.10.2021, 12:40 Акчабар
Шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер болгондор 145 кишиге жетти

Бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бугүнкү күндө 145 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү. 

БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып башталаарын жана добуш берүү күнүнө чейин 45 календарлык күн калганда башкача айтканда, 2021-жылдын 13-октябрында саат 18:00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 2021-жылдын 18-октябрь күнү саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Кыргызстанда Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо быйыл 28-ноябрда өтөт. 

Тэги: ЖК Шайлоо Талапкер БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу