Шенген визасы июндан баштап кымбаттайт

27.05.2024, 13:40 Акчабар
Шенген визасы июндан баштап кымбаттайт

11-июндан тарта кыска мөөнөттүү шенген визасын алуу (С тибиндеги виза) дүйнө жүзү боюнча 12%га кымбаттайт. Бул тууралуу Словениянын Тышкы жана европалык иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, эми шенген визасынын баасы:

  • чоңдор үчүн - €90 (учурда €80);
  • 12 жашка чейинки балдар үчүн - €45 (учурда €40).
  • Алты жашка чейинки балдар үчүн акы алынбайт.

Эскерте кетсек, Евробиримдиктин комиссиясы үч жылда бир жолу Евробиримдиктин инфляциянын деңгээли жана мамлекеттик кызматкерлердин орточо айлык акысы сыяктуу “объективдүү критерийлерди” эске алуу менен визалык төлөмдөрдү кайра карап чыгуу керекпи же жокпу деген баа берет.

 

Тэги: шенген визасы баасы кымбаттады Европа Европа биримдиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу