Ширин Абдыкеева: Бишкек өлкө экономикасынын локомотиви болуугу тийиш

01.07.2021, 16:46 Акчабар
Ширин Абдыкеева: Бишкек өлкө экономикасынын локомотиви болуугу тийиш

Ширин Абдыкееваны эмгектин адамы деп айтсак жаңылышпайбыз. Кесиби боюнча педагог. Ал эмгек жолун жогорку окуу жайда лаборант болуу менен баштап, талыкпаган эмгегинин, кесипкөйлүгүнүн аркасы менен ар кандай жетектөөчү кызматтарга чейин көтөрүлдү. Андыктан, эмгекти сүйгөн инсандын Бишкек шаардык кеңешине "Эмгек" партиясы менен аттанып жатканы да жөн жерден эместей.

-Саламатсызбы, Ширин эже. Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

- Саламатсызбы? Менин аты-жөнүм Ширин Абдыкеева. 2011-жылдан бери борбор калаабыздагы Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин "Тоолуу шарттарда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана алдын алуу боюнча айлана-чөйрөнү коргоо" окуу илимий-техникалык борборунун улук лаборанты, методисти жана максаттуу даярдоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштегем.

Ал эми 2014-жылдан ушул күнгө чейин аталган окуу жайдын Өзгөчө кырдаалдарда коргоо кафедрасында улук окутуучу болуп эмгектенип келе жатам.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылган 3 окуу китебинин, ЖОЖдордун студенттери үчүн 10 окуу китебинин жана усулдук иштеп чыгуулардын жана Кыргызпатенттин 5 автордук күбөлүгүнүн автору жана авторлошумун. Славян университетинин Архитектура, дизайн жана курулуш факультетинин Жаш окумуштуулар кеңешинин мүчөсүмүн.

- Сиз “Эмгек” партиясы аркылуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатасыз. Бул партияны тандап алууңузга эмне түрткү болду?

- Ооба, туура айтасыз. БШКга “Эмгек” партиясынын катарынан талапкерлигимди коюп жатам. Сиздин суроого жооп берерден мурда, өзгөчө бир нерсени белгилеп айта кетким келип турат. Менин максатым депутат болуп, төш белгини тагып алып эле кооз сүйлөп басып жүрүү эмес. Мен шаардык кеңешке борбор калаабыздын өнүгүшүнө өз салымымды кошуп, элиме ак кызмат кылып, ак батасын алайын деген максатта гана бара жатам. Себеби Бишкек жүрөгүмдүн түпкүрүнөн орун алган, мен үчүн өзгөчө сүйүктүү шаар.

Ал эми бул партияны тандаганга чейин биринчи башка партиялардын Бишкекти өнүктүрүү боюнча кандай программалары бар экенин карап, максаттары менен жакшылап таанышып чыктым. Анан алардын кандай жетишкендиктери бар экенин да таразалап, барына кылдаттык менен көз салып, анан гана “Эмгек” партиясына кирүүнү туура көрдүм. Себеп, бул партиянын максатын, программасын жакшылап карасаңыздар реалдуу, куру убадалардан алыс, шаарды өнүктүрүү үчүн аткара ала турган иштерди программага киргизген. Бир сөз менен айтканда, партиянын азыркы заманга жооп берген, так көрсөтүлгөн программасы мени абдан кызыктырып, купулам толуп, көз караштарыбыз төп келишти. Экинчиден, ачыгын айтканда, мен бул партияга киргенге чейин саясий уюмдун курамында кимдер бар экен деп көп ойлондум. Кийин партиянын курамында өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу, эл менен тыкыс иштешкен инсандардын бир командада болгонун көрүп кубандым. Анткени алар шаарыбыздын өнүгүшүнө жана элибиздин көйгөйлөрүн иш жүзүндө чечүүгө өз салымдарын кошуп келе жаткан кыргыздын чыгаан уул-кыздары экенин билем. Ошондуктан элибиз 11-июлда туура чечим чыгарып, бизге чоң колдоо көрсөтүшсө, анда биздин партия 4 жыл ичинде шаарыбызды өнүктүрө турган программасын ишке ашырат деген толук ишеним бар.

- Сизди борбор калаабыздагы кайсы маселе көп ойлондурат?

- Билим берүү тармагындагы маселелер, айрыкча мугалимдердин айлык акысы ойлондурат. Биздин келечек буга түздөн-түз көз каранды. Себеп, педагог жана жетекчи катары билим берүү системасындагы маселелерди көрүп, түшүнүүдөмүн. Мугалим балдарга эң негизгиси нерсени - билимди берип жатат. Сабаттуу адамдар гана Кыргызстанды гүлдөтө алат эмеспи. Андыктан билим берүү тармагы эң маанилүү тармактардын бири жана билим берүү системасына жакшы көңүл бурууга тийишпиз. Андан сырткары, экология, шаардын коопсуздугу сындуу маселелерге көңүл буруп, аны чечүү жолдорун ойлонуп жүрөм.

- “Эмгек” партиясы Бишкек шаарынын бюджетин көбөйтүп, элдин жашоо турмушун жакшыртып, элге жакшы шарттарды түзөбүз деп жатасыздар. Бирок, кантипдеген суроо жаралат?

- Бишкек - өлкө экономикасынын локомотиви болуп, мамлекеттүлүктү жана эгемендигибизди бекемдеген чоң кыймылдаткыч болуугу тийиш. Бул өтө маанилүү. Анткени республиканын бардык аймактарынан борборго миңдеген, жүз миңдеген жаран жумуш издеп келет. Себеби бардык сурамжылоор боюнча элибиздин көйгөйү бул - жумушсуздук! Ошондуктан биздин партиянын башкы максаты да элди жумуш менен камсыздоо болуп саналат. Тагыраагы, көп жылдардан бери өлкөбүздө жүздөгөн, миңдеген жумуш орундарын түзүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, элибиздин жашоо турмушунун жакшырышына өтө чоң салым кошуп келе жаткан партия – бул “Эмгек” партиясы. Биздин партия жаңы жумуш орундарды түзүп келген жана түзө берет.

Эгер биз жарандарыбызга экономикалык жактан колдоо көрсөтүп, бизнес менен алектенген жана ишкерлик кылгандарга жакшы шарттарды түзүп, аларды ар тараптан колдоо көрсөтсөк, анын натыйжасында шаардын бюджети да көбөйөт. Ошондой эле салык саясаты туура жана калыс болушу абзел!

Сөзүмдүн аягында баарыбыз жаңы ишканаларды ачууга көмөктөшүп, ири инвесторлорду тартып жана бизнестин өнүгүшүнө тоскоол болгон көрүнүштөрдү жоюп, талыкпай эмгектенсек, анда Бишкек өнүккөн, кооз шаарга тез эле айланат деп айтаар элем!

«Эмгек» саясий партиясынын финансылык маселелер баюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Тэги: Эмгек Талапкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу