Каржы министрлиги мектептердин экономикалык муктаждыктарына кошумча 137 млн сом бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы билим берүү тармагына жалпысынан 67 млрд сом бөлүнөт.
Кошумчалай кетсек, Министрлер кабинети 2024-жылы мектеп окуучуларынын ата-энелеринен экономикалык муктаждыктар үчүн каражат алынбайт деп убада кылууда.