Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу сунушталууда

12.09.2021, 10:34 Акчабар
Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу сунушталууда

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык өлкөлөрү түрк инвестициялык фондун түзүүнү талкуулап жатышат. Бул тема Бакудагы Экономика министрлеринин 10-жыйынында көтөрүлдү.

Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бул демилгени колдоду. Анын айтымында, мындай фонд, биринчи кезекте, ишкерлик, инновация, регионалдык өнүктүрүү, электрондук соода жана инновациялык санариптик технологияларды Түрк тилдүү кеңешине кирген өлкөлөрдүн долбоорлорун колдоо үчүн керек.

“Кыргызстан кеңештин өнүгүшүнө чоң салым кошконун жана учурда өлкөдө түрк кызматташтыгынын институттары жок экенин эске алып, Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу сунушталууда”, - деди Жапаров.

Тэги: Тюркский инвестфонд Акылбек Жапаров ССТГ экономика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу