Швейцария элчилиги Кыргызстандагы алты үй-интернатты 27 млн сомго оңдоду

28.03.2023, 16:15 Акчабар
Швейцария элчилиги Кыргызстандагы алты үй-интернатты 27 млн сомго оңдоду

Кыргызстандагы Швейцария элчилиги өлкөдөгү ден-соолугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана карылар үчүн алты үй-интернаттын оңдоо-түзөө иштерине каржылык колдоо көрсөттү. Анын жалпы суммасы 27 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүн Социалдык камсыздоо, эмгек жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер менен бирге Жайыл психоневрологиялык интернатынын имараттарын капиталдык оңдоо иштерин текшеришти.

Социалдык мекемеде психикалык жактан жабыркаган 247 аял баш калкалоодо.

“Швейцария элчилигинин колдоосу менен социалдык камсыздоо системасынын алты интернатында – Жайыл, Кадамжай, Токмок, Сузак, Покровка жана Нижне-Серафимовскиде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү”, - деп айтылат маалыматта.

Мекемелерде ашкана, канализация, душ жана кир жуучу системалар, мончо комплекстери оңдолду. Бул 900дөн ашуун адамдын жашоосун жакшырткан. 

“Интернаттагы камкордукка алынгандарга кам көрүү - мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири. Өткөн жылдан бери президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен тамак-ашка карата акчалай ченемдер эки эсе жогорулады. Бул жемиштерди, жашылчаларды, ширелерди жана бышырылган азыктарды карылардын жана майып балдардын күнүмдүк рационуна айландырууга мүмкүндүк берди. Бүгүн биз алардын жашоо шартын жакшыртып, жашоосун дагы да ыңгайлуу кылдык”, - деди Кудайберген Базарбаев.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу