Бүгүн, 19-июлда Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков менен Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер Швейцариянын жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана башкаруу боюнча долбоорунун экинчи фазасы боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу NCD Swiss Project сайтында маалымдалды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылы жүрөк-кан тамыр оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп, өлкөдөгү бардык өлүмдөрдүн 52%ын түзсө, экинчи орунда рак (10,8%), андан кийин респиратордук оорулар (6,9%) турган.
“Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар майыптуулуктун, оорунун жана эрте өлүмдүн негизги себеби болуп саналат”, - деп билдирди NCD Swiss Project.
2018-жылдан бери Швейцариянын “Кыргызстанда жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу” долбоору баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын бекемдеп, калктын ден соолугун чыңдоодо. Кыргызстанда бул колдоону улантуу үчүн Швейцария өкмөтү долбоордун экинчи фазасына 5 миллиондон ашык швейцариялык франк кошумча каражат бөлдү.
Белгиленгендей, төрт жыл бою долбоор Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларын камтыйт.