Кыргызстандын тигүү ишканалары Өзбекстандын текстиль тармагы менен таанышты

16.05.2022, 09:00 Акчабар
Кыргызстандын тигүү ишканалары Өзбекстандын текстиль тармагы менен таанышты

Кыргызстандын “Легпром” ассоциациясынын жана тигүү ишканаларынын өкүлдөрү 25-апрелден 30-апрелге чейин Өзбекстандын текстиль жана тигүү ишканаларынын тажрыйбасы менен таанышуу, бизнести тейлөөчү уюмдар менен ишкер байланыштарды түзүү жана сырьену потенциалдуу жеткирүүчүлөрдү издөө максатында коңшу мамлекетке барышты.

Иш сапардын алкагында “Легпром” ассоциациясынын президенти Сапар Асанов баштаган делегация Ташкент текстиль форумуна катышып, Өзбекстан, Беларусь жана Кыргызстандын секторлорунун учурдагы абалын, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун талкуулашты. Форумдун алкагында Асанов “Беллегпром” жана “Өзтекстильпром” бирикмелеринин төрагалары менен жолугушту. Кыргызстандын тигүү тармагын чийки зат менен камсыздоо боюнча мүмкүн болгон кызматташтыкты талкуулашты.

Делегация 27-апрелден 29-апрелге чейин Ташкентте өткөн текстиль жана мода индустриясынын төртүнчү эл аралык көргөзмөсүнө – UxTextile Expoго катышты. Анда тигүү ишканалары көргөзмөгө коюлган текстиль буюмдарынын ассортименти менен таанышып, ошондой эле кездеме өндүрүүчүлөр менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Мындан тышкары, “Легпром” ассоциациясынын мүчөлөрүнөн турган делегация кездеме чыгаруучу ишканаларды, боёк фабрикаларын, линиядагы өндүрүшү бар даяр продукцияларды чыгаруучу ишканаларды, ошондой эле “Кор-Уз Текстиль Технопарк” өзбек-корея окуу-практикалык текстиль технопаркында болушту.

Бул сапардын жыйынтыгында кызматташуу маселелери, анын ичинде Өзбекстанда тигүү өндүрүшү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу, тармакта иштеген кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, эки өлкөнүн кадрларын даярдоо боюнча окуу борборлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын тигүү тармагын сырье менен камсыздоо маселелери талкууланды.

Тэги: швейная отрасль Узбекистан Кыргызстан сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу