Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет

05.06.2020, 09:01 Акчабар
Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. 

 

 

«Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө», - деди вице-премьер-министр.

Эркин Асрандиев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын бийлиги ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

 

«Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз», - деп жыйынтыктады Эркин Асрандиев.

Тэги: госграница кыргызско-казахская граница грузоперевозки экономика ЕАЭС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу