Жыл башынан бери Бишкекте бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы 28,3 миң доллардан 75 миң долларга чейин болууда. Бул тууралуу House.kg турак-жай издөө сайты билдирди.
Бишкектеги бир бөлмөлүү батирлер (бардык серияда) эң арзаны “Достук” кичирайонунда – 28,3 миң долларды түзөт. Андан кийин Щербаков турак жай калктуу конушунда 30, 7 миң долларга бааланууда. Андан соң Чыгыш автобекетинин аймагында бир бөлмөлүү батирлер 33 миң 500 доллар турат.
Ал эми эң кымбат бир бөлмөлүү батирлер Тоголока Молдо сейил багынын аймагында (75 миң доллар) жайгашкан, Asia Mall соода борборунун аймагында (72 миң доллар) жана эски аэропортто (62,5 миң доллар) орун алган.
Салыштырмалуу орточо баалар 40 миң доллардан 50 миң долларга чейин Ататүрк паркынын аймагында, БААУда (АУЦА), Аламедин-1, Матросов, Көк-Жар ж.б. жайгашкан.