Тышкы карыз боюнча Кыргызстан мартта Кытайга канча каражат төлөдү?

15.05.2023, 10:46 Акчабар
Тышкы карыз боюнча Кыргызстан мартта Кытайга канча каражат төлөдү?

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы март айынын аягында 5 миллиард 62 миллион долларды түзүп, мурунку айга салыштырмалуу 24 миллион 250 миң долларга көбөйгөн.

Сумма ички жана тышкы карыздын көбөйүшү менен шартталган, акыркысы 16,72 миллион долларга өскөн. Эң чоң өсүш Кыргызстандын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) алдындагы милдеттенмелери — 13,41 миллион доллар, андан кийин Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) — 10,03 миллион доллар жана Эл аралык валюта фонду — 5,77 миллион доллар болгон.

Ошол эле учурда Кытайга тышкы карыздын 24,5 млн долларга азайышы байкалган.

Ички карыздын өсүшү толугу менен мамлекеттик казына облигацияларынан алынган карыздардын көбөйүшү менен камсыздалганын кошумчалайбыз.

Тэги: новости Кыргызстана экономика госдолг деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу