Жаз алды Apple компаниясындагы жаңы моделдерди бет ачаар алдында Picodi.com аналитикалык сайты «алма» смартфонун ар бир мамлекетте рейтингин түзүп, анда жашаган адамдар Apple акыркы үлгүсүнө ээ болушу үчүн канча күн иштеши керек деп эсептеп көрүшкөн.
(таблица орус тилинде берилет)
Демек, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу адам iPhone XS 64 Gb алуу үчүн 113 күн иштеши керек болсо, Өзбекстандыктар 123 ашык күн эмгектенүүсү зарыл, ал эми Таджикистандыктар – 220 күндүк эмгегин жумшашы керек. Бул эсептөөлөр коммуналдык кызматтарга, тамак аш жана кийим кече башка керектелүүчү «майда» чыгымдарды кошпой жасалган. Казахстандыктар бул смартфонду алуу үчүн 86 иш күнүн коротушу мүмкүн. Эскерте кетели, жогорудагы эсептөөлөр өлкөдөгү киррешеге жараша болгондуктан, ар бир өлкөдө ага жетүүнүн убактылары ар башка.