Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы "Акчабарга" Кыргызстанда кумар оюндарына лицензиянын баасы тууралуу маалымат берди.
Алсак, Мамлекеттик Финансылык көзөмөл кызматынын маалыматы боюнча, оюн автоматтарына лицензия 42 миллион сом, букмекердик кеңселер жана лотереялар үчүн 10,5 миллион сом, онлайн казинолорду иштетүү 8,4 миллион сом, онлайн казинолорду башкарууга лицензия 1,26 миллион сом турат.
Белгилеп кетсек, казинолордун лицензиясы жайгашкан жерине жараша 25,2 миллион сомдон 84 миллион сомго чейин болот.
Бишкек жана Ош шаарларында - 84 миллион сом, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында - 42 миллион сом жана Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында - 25,2 миллион сом.