«Халык Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү Эркин Исаков каза болду

17.02.2022, 15:45 Акчабар
«Халык Банктын» директорлор кеңешинин мүчөсү Эркин Исаков каза болду

“Халык Банк Кыргызстан” ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Эркин Искаков көз жумду.

“Акчабардын” өздүк маалыматтарына ылайык, ал кечээ күнү, 16-февралда каза болуп, бүгүн 17-февралда акыркы сапарга узатылган.

Эркин Искаков – М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Бир нече жылдар мурун бажы кызматында иштеген.

Ал алгачкы ишмердүүлүгүн 1990-жылдары каржы секторунда, консалтингдик жана аудитордук тейлөөлөрдү көрсөткөн “Марка аудит” ЖЧКсында коммерциялык суроолор боюнча директордун орун басары кызматын аркалоодон баштаган.

1997-жылдан 1998-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы инфраструктурасын техникалык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

1998-жылдан 1999-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин Бажы инфраструктурасын техникалык жактан өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болгон.

1999-жылдан 2004-жылга чейин “Бажы инфраструктурасын техникалык жактан өнүктүрүү боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесинин директору болуп турган.

2004-жылдан 2017-жылга чейин “Халык Банк Кыргызстан” ААКы башкармалыгынын төрага орун басары.

Искаков Эркин Болотович “Халык Банк Кыргызстан” ААКтын аудит боюнча комитетинин мүчөсү болгон.

 

Тэги: Халык Банк Эркин Искаков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×